Тухватшин Рустам Романович

Википедия дан

Тухватшин Рустам Романович (1951-ж. т., Казакстан, Чимкент обл., Лингер ш.) — медицина илимдин доктору (1996), проф. (2000). КММИни бүтүргөн (1975) КММАнын ИИ лабор-сында илимий жана улук илимий кызматкер (1976-1989), бөлүм башчы (1989-2003).

1979-жылдан КММИнин патол. физиология кафедрасында окутуучу, 1998-жылдан кафедра башчысы. Патофизиология боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгеги, алардын ичинен 6 монография, 7 ойлоп табуусу, 10 методикалык куралы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4