Мазмунга өтүү

Тыналиев Карыбек

Википедия дан

Тыналиев Карыбек (1. 5. 1933-ж. т., Нарын обл., Жумгал району, Кызыл-Туу айылы - 16. 6. 2000, Бишкек) - мамлекеттик жана партиялык ишмер, КРдин айыл чарбасына эмгеги сиңирген ишмер кызматкер (1993), экономика илимдин доктору (1997).

1956-ж. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүгкөн. 1956-59-ж. Ак-Талаа р-ндук МЖСте участкалык зоотехник, Калинин атындагы колхоздо башкы зоотехник, 1959-61-ж. Нарын мамлекеттик асыл тукум жылкы заводунда башкы зоотехник, 1961-63-ж. Тянь-Шань обл. айыл чарба башкармалыгында бөлүм башчы, партиянын Тянь-Шань обл. к-тинде мал чарба бөлүмүнүн башчысы, 1964-65-ж. Кочкор р-ндук өндүрүш башкармалыгынын начальниги, 1965-70-ж. Кыргызстан КП Жумгал райкомунун 1-секретары, 1970-76-ж. партиянын Нарын обл. аткаруу к-тинин төрагасы, 1976-79-ж. Мамл пландоо к-тинин төрагасынын орун басары, 1980-86-ж. Кыргыз ССРинин жашылча-жемиш чарба министри, 1986-2000-ж. респ. тоют, жайлоо жана мелиоративдик илимий-өндүрүштүк курулуш бирикмесинин гендиректору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6 жолку чакырылышынын) депутаты болуп шайланган. Эки Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4