Тынчтык жөнүндө декрет

Википедия дан

Тынчтык жөнүндө декрет - Совет өкмөтүнүн биринчи декрети. Жумушчу, дыйкандар жана солдат депутаттар советтеринин бүткүл россиялык экинчи съездинде 1917-ж. 26-октябрында (8-ноябрь) кабыл алынган.

Декреттин долбоорун В. И. Ленин даярдап, тынчтык жөнүндө доклад катары съездге сунуш кылган. Улуу Октябрь социалисттик революциясы Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда жеңип чыккан. Согуштан чыгуу маселеси жүз миллиондогон адамдар үчүн өтө маанилүү болгон. Тынчтык жөнүндө декрет В. И. Лениндин эмгектеринде жана партиялык документтерде иштелип чыккан аннексиясыз жана контрибуциясыз жалпы демократиялык тынчтык үчүн күрөштүн большевиктик программасында баяндалган. Декрет тынчтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү токтоосуз түрдө баштоону өкмөткө сунуштап, ал эми аларды жүргүзүу мезгилинде 3 айлык мөөнөткө жарашуу демилгесин көтөргөн. Тынчтык жөнүндө декретте бардык элдердин толук тең укуктуулугун таануу, алардын улуттук жана мамлекеттик көз каранды эместигин урматтоо, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпөө, ишкердүү кызматташуу жарыяланган. Бул болсо адамзат тарыхындагы эл аралык мамилелердин, Совет мамлекетинин саясатынын жады принциптеринен болгон.

Тынчтык жөнүндө декрет эзилген элдердин эркиндикке чыгуучу күрөштөрүнүн адилеттүүлүгүн баса көрсөткөн; анда согуш адамзатка каршы өтө оор кыянатчылык болуп саналат, тынчтык элдердин бирин да четке калтырбастан, адилеттүү бирдей шарттарда түзүлүүгө тийиш экендиги айтылган. Бийликтин жогорку органы, тарыхта биринчи болуп, эзилген элдин боштондук күрөшүн мыйзамдуу жана адилет деп тааныган. Антантa өлкөлөрүнүн башкаруучу чөйрөлөрү Тынчтык жөнүндө декретти кастык менен кабыл алып, Советтик Россияга каршы куралдуу интервенция уюштурууга чакырган. Улуу Британияда, Францияда, АКШда Советтик Россияны колдоп, тынчтыкты талап кылган митинг жана демонстрациялар өткөн. Антанта өлкөлөрү Тынчтык жөнүндө декретти четке каккан соң, Советтик Россия аргасыздан Германия менен тынчтык жөнүндө сүйлөшүүгө барган. Тынчтык жөнүндө декреттеги бүткүл дүйнөдө тынчтыкты сактоого багытталган лениндик принциптер Совет бийлигинин тышкы саясатындагы маанилүү программалык документ болуп калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4