Тыныбек уулу Актан

Википедия дан

Тыныбек уулу Актан (1888 – 1951)

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, акын, комузчу, чечен, санжырачы, дастанчы жана манасчы Тыныбек уулу Актан 1888-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Тегерек-Булак айылында туулган. Ал кадимки Тыныбек манасчынын уулу. Актандын шыгы жаштайынан эле ойгонуп, ага атасы себепкер болгон. Комуз менен көптөгөн элдик ырларды аткарып, өзү да ыр чыгара коюп жүргөн Актан “Манас” эпосунун негизинде “Чоң кошуун”, “Семетей күү” деген күүлөрду жараткан. “Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашынан” үзүндү, “Семетейден” “Семетейдин жетим калып, Букарга барышы”, “Семетейдин Букардан Таласка келип, Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери” деген үзүндүлөрдү жаздырып, Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Анын варианты эпостун нугунан чыкпаганы менен, өз алдынча көркөмдүүлүккө ээ. Ага мисал катары “Кеңдигин көрсөң Таластай, Келбетин көрсөң Манастай” деген Семетейди сүрөттөөсүн эле алса болот. Белгилүү, көркөм сөздүн мыкты чебери Тыныбек уулу Актандан “Эр Табылды” эпосу да толук жазылып алынган. Анын вариантындагы бул эпос окуялардын толуктугу жана көркөмдүүлүгү менен башка варианттардан айырмаланып турат. Ал 1935-1946-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп эмгектенген. Тыныбек уулу Актан 1951-жылы өз айылында дүйнөдөн кайткан.

Булак: К 97 Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.