Тюбаж

Википедия дан

Тюбаж (француз тилинен tubage — колколотуу) — өт баштыгынын кээ бир оорусунда өттүн бөлүнүшүн жакшыртуу жана жыйылган өттөн өт баштыгын бошотуу максатында колдонулуучу ыкма.
Үй шартында оорулуу врачтын сунушу менен жасаса болот. Ал үчүн эртең менен ач карын соданын эритмесин (жарым стакан сууга 1 — 2 чай кашык) ичип, оң кабырганын астына сүлгүгө оролгон ысык жылыткычты коюп оң капталына 45 мин. жатат. Магний сульфатынын эритмесин (1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык) ичип, дагы 30 мин., андан кийин 1 стакан жылуу минерал суусун ичип ошол калыбында дагы 45 мин. жатуу керек. Бирок врачтын сунушусуз өз алдынча дарыланууга болбойт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8