Мазмунга өтүү

Тюмень

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Тюмень
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөОрусия
Координаттар57°09′ с. ш. 65°32′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү4 аймак: Борбордук (Центральный), Ленин (Ленинский),Калинин (Калининский), Чыгыш (Восточный)
Администрация башчысыАлександр Моор
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1586
Аянты235 км²
Климатынын түрүкескин-континентальдуу
Калкы
Расмий тилиорус
Калкы 657 011[1] адам (2010-жыл)
Жыштыгы2445,6 адам/км²
Этнохоронимтюме́ндик, тюме́ндиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+7 3452
Почта индекси625000
Сайтыhttp://www.tyumen-city.ru/  (орусча)
Тюмень (Орусия)

Тюме́нь — Сибирьдеги алгачкы орус шаары. Тюмень районунун административдик борбору жана Тюмень облустунун административдик борбору. Шаар калкы — 634 171 адам (2013), калкынын саны боюнча Орусияда 19 орун, Сибирде 4 орун, Урал Федеративдик аймагында 3 орунда турат. Шаар четиндеги каратылган аймактар менен калк саны 657 011 адам. Москва шаарына чейинки аралык 2163 км. Аймак аянты — 235 км². 1586-жылы негизделеген.

1635-жылы Тюмень шаарынын герби биринчи жолу эскерилген. Анда түлкү менен кемчет тартылган эле. Тюмень шаарынын учурдагы герби 1785-жылы жасалган. Шар символу болуп 1993-жылы кайра кабыл алынат. Тюмень шаарынын расмий символдору герб жана туу, аларды пайдалануу тартиби Тюмень шаардык Думанын 2005-жылдын 28 чын куран айында кабыл алынган макулдугу менен бекитилген. Гербтин 3 тең укуктуу түрү бар: толук герб, орто (таажы менен) жана кичи герб.

Тюмень туусу тик бурчтуу, бийиктиги 2 узундугу 3. Туу 3 горизонтальдуу кѳк (үстүндѳ), ак(ортосунда) жана кѳк ѳңдѳрдѳн турат. Туудагы үстүнкү кѳк түстѳ Тюмень шаарынын гербиндеги саргыч ѳңдѳгү кеме тартылган.