Тюрин, Виктор Степанович

Википедия дан

Тюрин, Виктор Степанович (1917, Башкырстан, Белебеев району, Раево айылы) — сүрөтчү. 1929-ж. ата-энеси менен Кыргызстанга (адегенде Ак-Суу кыштагына, андан кийин Бишкек шаарына) көчүп келген. 1936—40-ж. Москвадагы "1905-жылдын эстелиги" сүрөт окуу жайында билим алган. 1940—45-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1945—51-ж. В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик сүрөт институтунда окуган. 1947-ж. Кыргызстанда Манастын миң жылдык мааракесин өткөрүү белгиленип, ал үчүн "Манас" сүрөт-өнөр искусствосунда" аттуу көргөзмө уюштурулмак. Бул көргөзмө үчүн Т. "Манастын күмбөзү" пейзажы жана күмбөздүн жанында куран окуп жаткан эки адам тартылган "Этюдун" жараткан. 1951-ж. В. Вейстан жана Г. Айтиев менен бирдикте Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында жасалгалоого катышкан жана Айчүрөк жана башкалар айкелин тарткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4