Тянь-шань бийик тоо илимий борбору

Википедия дан

Тянь-шань бийик тоо илимий борбору, Тянь-Шань физика-географиялык станциясы - Ысык-Көл өрөөнү менен Борбордук Теңир-Тоонун табиятын, физ.геогр. процесстерин комплекстүү изилдөөчү илимий мекеме.

1948-ж. СССР ИАнын География институту тарабынан «Түндүк Кыргызстан экспедициясынын» базасында уюшулган. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Покровка (азыркы Кызыл-Суу) кыштагында жайгашкан. Станциянын алгачкы жетекчиси СССР ИАнын корр. мүчөсү Г. А. Авсюк болгон (1948-52). 1953-ж. СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалына өткөрүлүп берилген. 1955-ж. Кыргыз ИАнын ачылышы менен География бөлүмү уюштурулуп, станция анын карамагына кирген. Станцияга директор болуп география илимдин кандидаты Р. Д. Забиров дайындалган. КР УИАнын Президиумунун 2006-ж. 10-июндагы Токтому менен станция ТяньШань бийик тоо илимий борбору болуп өзгөртүлүп, академиянын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун курамына киргизилген. Борбордо 3 лаборатория (гляциология, гидрология, биогеография жана жээк процесстери) иштейт.

Алар деңиз деңг. 1608 м бийиктикте жайгашкан Ысык-Көлдөн тартып, 3500 м бийиктиктеги Кара-Батпкак мөнгусүнө чейинки алкакта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Борбордун кызматкерлери институттун адистери менен бирдикте Ысык-Көлгө куйган чон-кичине агын сууларга кичи ГЭСтерди куруу, айыл жана суу чарбасына керектүү болгон сугат сууларын үнөмдүү пайдалануу боюнча ар түрдүү долбоорлор менен иштешет. Ошондой эле Россия, Кытай, Франция ж. б. жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимпоздору менен бирге Жер шарынын климатынын жылуу боло баштаганына байланыштуу мөнгүлөрдүн запасын изилдөөдө, ЫсыкКөлдүн динамикасынын өзгөрүүлөрү боюнча чогуу иш алып барууда.

Натыйжада Кыргызстандагы бардык мөңгүлөрү эсепке алынып, алардын саны 7740 экендиги аныкталып, жалпы аянты 8380,6 км2 түзгөнү, алардагы таза суунун запасы 650-700 млрд ж3ди түзөөрү белгилүү болгон. Борбордо (станцияда) жүргүзүлгөн көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн негизинде көптөгөн илимий эмгектер, алардын ичинен монографиялар жарыяланып, «Мөңгүлөрдүн катологу» түзүлгөн. Алардын айрымдары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө басылып чыккан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4