Түбү бош

Википедия дан
Bromus catharticus.

Түбү бош (лат. Bromus, L. 1753) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Машакча топ гүлү шыпыргыдай татаал топ гүлгө чогулган. Жалбырак кучагы туюк, сабагынын бийикт. 30-150 см. Т. б-тун 100дөн ашык түрү Жер жүзүнүн мелүүн алкагында таралган. Кыргызстанда анын 16 түрү кездешет, алар шалбаада, токойдун ачык жеринде, боздоңдо, жарым чөлдө жана отоо чөп катары айдоодо өсөт. Т. б. – баалуу тоют өсүмдүк, кылкансыз түрү жайыт жана чабынды жерде, ошондой эле кургатылган сазда жана топуракты эрозиядан сактоо үчүн өстүрүлөт. Арпакан деген түрү эрте жаздагы баалуу тоют, бирок кылкандуу уругу малдын жүнүнө жабышып, кой чарбачылыгына зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]