Түбөлүктүүлүк

Википедия дан

Түбөлүктүүлүк (Вечность) – дүйнөнүн материалдык бирдиктүүлүгү, материянын жана анын атрибуттарынын кимдир бирөө тарабынан жаратылбаганы жана жок болуп кете албаганы менен шартталган, материалдык дүйнөнүн жашаш мөөнөтүнүн чексиздиги, учу-кыйыры жоктугу.

Түбөлүктүүлүк негизинен материяга гана мүнөздүү жана таандык: конкреттүү ар бир материалдык система убакытта өзүнүн башатын жана акыркы чекке ээ болуп, өтмө мүнөздө болот. Материалдык дүйнөнүн Түбөлүктүүлүктүүлүгүн моюнга алуу – материалисттик философиянын башкы принциби. Ал эми теология менен объективдүү идеализм Түбөлүктүүлүктү кудай же абсолюттук рухтун атрибуту, б. а. ажырагыс касиети катарында эсептешет. Мындай көз караштар тажрыйба менен илим тарабынан четке кагылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]