Түзүмдүк саясат

Википедия дан

Түзүмдүк саясат ― жалпы мамлекеттик, ички жана тармак аралык, ошондой эле аймактык зарыл болуучу шайкештиктерди калыптандырууга жардам берүүчү чаралардын тутуму.

Түзүмдүк саясат чарба комплексинин жана анын тармактарынын бир калыпта, ыңгайына карата өнүгүшүн, экономиканы интенсивдештирүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатууну, илим менен техниканын жетишкендиктерин билгичтикте кеңири пайдаланып, өндүрүштүн өзөгүн техникалык жактан өркүндөтүүнү, букара элдин жашоо-тиричилигин жогорулатуу чечимдерин камсыз кылууга үндөлөт. Бул эң алды менен инвестициялык саясат менен тыгыз байланыштуу жана ишкананын, аймактын же өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Азыркы кезде ишке ашырылып жаткан рынок мамилесине өтүү шартында экономиканын тутумун олуттуу түрдө кайра курууну талап кылат. Бул процесстин түпкү маңызы келип төмөндөгүлөргө такалат: биринчи кезекте мүмкүн болуучу түрдүү товардын арбын санын чыгарып, калк үчүн түркүн тейлөөлөрдү көрсөтүп жаткан тармактарды ыкчамдатып тез өнүктүрүү менен чарба комплексинин кубаттуу керектөө секторун түзүү.

Түзүмдүк саясаттын экинчи бир багыты ― чарба комплексинин жана өнөр жайынын бардык тармактарын техникалык жактан өркүндөтүү, ресурстук салымдарга багыт жасап, ички жана тармак-аралык шайкештиктерди тартипке салуу, чийки запастарды (сырьёлорду), күйүүчү майларды, энергияларды ж.б. ресурстарды пайдаланууда ысырапкерчиликке жол бербөө жана чарбасыздыкка бөгөт коюу эн негизгиси болуп саналат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8