Түктүү тыйынчык

Википедия дан

Түктүү тыйынчык (лат. Chesneya villosa (Boriss.) R. Каm. et R. Vinogradova), (Chesniella villosa (Boriss.), Kostyczewia villosa Korsh. (Boriss.)) - Жыш узун сапсайган-түктүү көп жылдык чөп өсүмдүк. Өзөк тамырлуу, жалпы тамыры жоон, сабактары жерге төшөлүп өсөт. Жан жалбырактуу, жалбырактары үчтөн жуп, түгөйсүз канаттуу, тескери жумурткадай же жазы үч бурчтуктай. Гүлү жалгыздан, саптуу. Желекчеси кызыл. Чанагы сүйрү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июлда гүлдөп, августта мөмөлөйт. Уругу менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысыккөл өрөөнүнүн батыш жагы.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таштак чөл жана жарым чөлдөрдүн тоо этектери.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өтө аз, жоголуп кетүү коркунучунда турат. Өзүнүн ареалында жалгыздан сейрек кездешет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антропогендик таасирлер. Эрте жаздагы майда малдын оттоосу. Кургакчылыктан уругунун көпчүлүгү куурап калат.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциясынын эсебин алуу, Кыргыз Республикасынын УИАнын Ботаникалык багында атайлап өстүрүү.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

EN. Кыргызстанда кездешкен тукумдун үч түрүнүн ичинен эң сейрек учураган түрү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]