Түндүк-Батыш Монголиядагы кыргыз уруктары

Википедия дан

Түндүк-Батыш Монголиядагы кыргыз уруктары моңголдордун дэрбэт, урянхай, хотон жана мингат (мангут-мангыт) урууларынын курамынан кездешет. Кыргыз уруктары бул уруулардын курамына 12–14-кылымдарда кара кытай, моңгол жапырыгында, айрымдары енисейлик кыргыздар Жуңгар хандыгы тарабынан зордоп көчүрүлгөн мезгилден соң кирген. 1703-жылы 4000 түтүн кыргыз Цеван Рабдандын аскерлери тарабынан Жуңгарияга көчүрүлүп кеткендигин орус документтери тастыктайт. Этностук топтордун баарында тең, кыргыз аталышы менен бирге бурут аттуу уруктар да кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]