Түндүк Теңир-Тоо көмүрлүү аймагы

Википедия дан

Түндүк Теңир-Тоо көмүрлүү аймагы - Кыргызстандын түндүгүндөгү көмүр кендери жайгашкан жер. Ал Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Мойнок, Кара-Кече, Кабак жана Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң, Жергез, Сүттү-Булак, Сөгөттү көмүр кендеринен турат. Көмүр кендери жергиликтүү элге эзелтен белгилүү болсо да, алгачкы геол. маалы маттар 1915-ж. берилген. Аймактын геологиясын негизинен ордовик, карбон, юра жана неоген-палеоген мезгилдеринин чөкмө тоотектери, антропогендин борпоң чөкмөлөрү, протерозой, каледон жана герциндин гранитоид интрузиялары түзөт. Көмүр юра мезгилинин кумдук, чопо, алевролит тоотек катмарынын арасында топтолгон. Каракечеде 2, Көкмойнокто 8, Жыргалаңда 6, Сөгөттүдө 6, Сүттбулакта 2, Жергезде 13 көмүр катмары бар. Бирок, көпчүлүгү жука кабаттардан тургандыктан айрымдары казып алууга жарамсыз. Кендердеги көмүр күрөң көмүр тобуна кирет. Күйүүдөгү жылуулук берүү энергиясы 19,64–22,63 МДж/кг (Көк-Мойнок кени), күлү аз, күкүрттүү; к. КөкмойнокКаракече көмүрлүү району, Түштүк Ысык-Көл көмүрлүү району.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]