Түндүк фергана жаракасы

Википедия дан

Түндүк фергана жаракасы - Чаткал курама мегантиклиналь түзүлүшүн Фергана депрессиясынан бөлүп турган неотектон. жарака.

Алгачкы жолу В. И. Попов палеозой менен кайнозойдун чөкмө тоо тектеринин контактысынан бөлгөн. Аны Р. И. Рыбина геофиз. маалыматтар боюнча 1959-ж. тактаган. Түндүк фергана жаракасы батыштан түндүк-чыгышка карай Курама кырка тоосун бойлоп, Нанай ойдуңунун түндүк чети менен 300 кмге созулат. Жарака боюнча тик ылдый жылышуулар болуп, анын түштүк канаты түндүк канатына караганда 4000-4500 м төмөн жаткандыгы аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4