Түндүк хальмахера тилдери

Википедия дан

Түндүк хальмахера тилдери - тектеш тилдердин тобу (Юго жакын тил: тернатан, тидоре, тобело, исам, галела ж. б.).

Молукка аралдарына (Хальмахера аралдарынын түндүк бөлүгүнө жана ага жакынкы Моротай, Тернате, Тидоре аралдарына) тараган. Фонологиялык системасы жөнөкөй, ачык муундуу. Түндүк хальмера тилдеринде - агглютинациялама грамматикалык түзүлүштүү тилдерден.

Род категориялуу. Молукка аралдарындагы башка тилдерден австронез тил уясына кирбегендиги менен айырмаланат. Түндүк хальмера тилдеринин теги тактала элек. Папуас тилдеринин батыш тобу менен алыс тектеш тилдерден болушу мүмкүн. Түндүк хальмера тилдерин азыр жазмасыз. Бирок 17-19-кылымдарда тернатан тилинде араб алфавити менен жазылган адабияты болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9