Түргөн Аксуу

Википедия дан

Түргөн АксууЖыргалаң суусунун сол куймасы.Узундугу 45 км. Алабынын аянты 412 км2. Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталдарындагы мөңгүлөрд өн башталат. Суу куралуу аянтынын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 3410 м. Алабындаж алпы аянты 33 км2 болгон майда мөңгүлөр, 0,1 км2 болгон көлдөр бар. Кар, мөңгү (80%) жана жамгыр (20 %) сууларынан куралат. Жалпы узундугу 188 км болгон 81 суу куят; ириси–Көккыя (13 км). Апрелден октябрга чейин ташкындап, ноябрь–март айларында тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 6,50 м3/сек. Суусу мол болгон июлдагы орточо чыгымы 17 м3/сек, суусу тартыш марттыкы 2,0 м3/сек. Эң көп чыгымы 76 м3/сек, азы 0,80 м3/сек. Айрым жылдары октябрдан мартка чейин үстүн жука муз каптап калат. Сугатка пайдаланылат. Түргөн Аксуудан 4,05 м3/сек суу өткөрүүчү 9 канал чыгарылган. Өрөөндө Акбулак, Түргөн кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]