Жыргалаң минералдуу суусу

Википедия дан

Жыргалаң минералдуу суусуЫссыккөл облусунун Түп районундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булагы. Каракол шаарынан 10км түндүк тарапта. Ысык-Көл чыгыш кылаасында Жыргалаң суусунун куйган жерине жакын, деңиз деңгээли 1624м бийиктикте.1960-жылы табылган. Суу чыккан жерде антропогендик кумдук жана алевролидден турган чөкмө тектери жатат. Минералдуу ысык суу (3000м) тереңдиктеги палеозой тоо тектеринде пайда болуп үстүңкү мезозой кабаттарына жарака аркылуу көтөрүлөт. Дебити 37,5 л/сек. Химиялык составы хлорид-сульфат-натрийлүү,жегичтүү(рН=8,5) арашан сууларына кирет. Аксуу минералдуу суусуна окшош, бирок андан кремний кислотасынын аздыгы,фтор менен кальцийдин көптүгү менен айырмаланат. Суу түссүз, жытсыз, дамсыз. Составында бир аз йод, бром, бор, молибден, жез, цинк, коргошун бар. Суу муун, булчун жана нерв ооруларына шыбаа берет. Анын базасында Жыргалаң курорту иштейт. Имараттарды жылытууга,турмуш-тиричилик керектөөсүнө да пайдаланылат.