Түргөн Аксуу мөңгүсү

Википедия дан

Түргөн Аксуу мөңгүсүТескей Алатоонун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,5 км, аянты 5,1 км2.

Башы деңиз деңг. 4630 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3760 м, абляция облусунун аянты 2,9 км2, салааларын кошкондо аянты 10,9 км2ге жетет. Фирн чегиндеги мөңгүнүн эни 1000 м, абляция облусунда 600 м. Куралуу облусунда цирктин дубалы фирн талаасынан 250–300 м гана бийик жатат. Этеги морена м-н капталган. Муз жаракалары бар. Мөңгүдөн Түргөнаксуу суусу (Жыргалаңдын сол куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2