Түркмөн Совет Энциклопедиясы
| Түркмөн Совет Энциклопедиясы | |
|---|---|
| Нукура аталышы | түркм. Түркмен совет энциклопедиясы |
| Өлкөсү | ӨзбекССР |
| Тили | түркмөн, орус |
| Темасы | Энциклопедия |
| Жанры | илимий-маалымдама |
| Медианын түрү | китеп |
Түркмөн Совет Энциклопедиясы (түркм. Түркмен совет энциклопедиясы; кыскача ТСЭ) — түркмөн тилиндеги биринчи универсалдуу энциклопедиялык басылма. Кириллица тамгасында жазылган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1969-жылы түзүлгүп Түркмөн Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы тарабынан жарыяланган[1].
1974—1989-жылдары 10 томдугу жарык көргөн. Биринчи томдун башкы редактору Горький атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин ректору, академик Пигам Азимович Азимов, ал эми кийинки (2-10-томдор) редактору Нуры Велиевич Атамамедов болгон[2].
Ошондой эле негизги томдордун материалдары боюнча 1983-жылы түркмөн тилинде «Түркмөн ССР» аттуу бир томдук китеп жарык көргөн. Андан бир жыл өткөндөн кийин, 1984-жылы, ошол эле басылма орус тилинде да чыгарылган[3].
Мазмуну
[түзөтүү | булагын түзөтүү]25 миң макаланы, анын ичинде 8 миң персоналды камтыйт. 8-том Түркмөн ССРине арналган[1].
Бул энциклопедия билимдин дээрлик бардык тармактарын камтыйт, бирок фактыларды келтирүүдө жана берилген материалдардын деталдарында коммунисттик идеологиянын таасири байкалат[4].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 Шнеер М. С., Туркменская советская энциклопедия, 1984 — Б. 293
- ↑ Туркменская Советская Энциклопедия // Большой энциклопедический словарь, 1991.
- ↑ Ежегодник Большой советской энциклопедии, 1957 — Б. 198.
- ↑ Abazov, Rafis (2005). Historical Dictionary of Turkmenistan (in англисче). Scarecrow Press. ISBN 978-0-8108-5362-1.