Түркстан жаяны, Жаян балык, Лакка

Википедия дан

Түркстан жаяны, Жаян балык, Лакка (Glyptosternum reticulatum), (McClelland):

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшүнүн кыскача баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоо жана тоо этектериндеги өзгөчө ыңгайлашкан форма . Өзүнүн көлөмү боюнча өтө чоң эмес, ургаачылары 15 см ге чейин жетет, эркектери 24-25 см. Кабырчыктары жок, күрөң-жашыл денесинде жана сүзгүчтөрүндө каралжын темгилдери бар. Жалпак башы 4 мурутчалуу. Жонундагы сүзгүчүнөн бир аз аралыкта узун кеткен өзүнчө май сүзгүчү жайгашкан. Көкүрөк сүзгүчтөрү жабышчаак тегерек формада.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын, Чаткал, Карасуу дарыяларынын бассейндеринде жана Суусамыр, Атбашы, Өзгөн, Акбуура сууларында кездешет. Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын сууларынан жолуктурууга болот.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук Азиянын тоо жана тоо этектериндеги түбү таштуу агын сууларда жашайт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда кеңири таралган, саны бир погондук метрге бирден төрт даанага чейин туура келет. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Түркстан жаяны таштардын алдына жабышып алып курт-кумурскалардын личинкалары кээде майда ит чабактар менен тамактанат. Урук чачуу мезгили июнң айында, уругу кесек – 2,7 мм. Чоң топтуу үйүрлөрдү пайда кылышпайт. Жаш өспүрүмдөрү хирономиддин жана курт-кумурскалардын личинкалары менен азыктанышат .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыянын түбүндөгү таштардын суунун агымы менен болгон кыймылдуулугу, суулардын булгануусу, балык уулоо, личинкаларын коңуздардын жеп кетиши.

Асыроо (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асыроо болгон эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр Кыргызстандын Кызыл китебине 1985-жылы киргизилген .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кармоого тыюу салуу, чогулган жана урук чача турган жерлерин коргоо. Статусун аныктоо үчүн санын тактоо жана кичи коруктарды уюштуруу зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2 [VU: E]. Бул түр Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине 1985 - жылы киргизилген. Кыргызстандагы ушул түрдүн жалгыз өкүлү .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]