Түркстан фумариоласы

Википедия дан

Түркстан фумариоласы (лат. Fumariola turkestanica, Korsh.) - Бийиктиги 6–10 см келген өсүмдүк. Жалбырактары узун, жип сымал жалбырак саптуу, эки ирет учтуу жалбырактуу; сегменттери узун саптуу, бөлүкчөлөрү сапсыз, бүтүн кырдуу, 2–3 айчыктуу же бөлүктүү. Гүл тобу (2–10 гүлдөр) жалбыракка тушташ жайгашкан, гүл саптары жалбырактан бир аз кыска, чачы топ гүл, кыскарган же чатырчадай. Гүл жанжалбыракчалары өтө кичинекей, түрпүчөдөй; гүл коргону сары, сырткы желекчелери жазы, жалпак сымал, төмөнкүсү тескери жумуртка сымал, жогоркусу ичке, тескери жумурткадай, түбүндө кап сымал уркуйган жери бар, бирок текөөрчөсүз; желекчелери ичке жана кыска. Мөмөсү – бир уруктуу жаңгакча, узундугу 3 мм дей, туурасы 1 мм ге чейин, бышып жетилгенде карайган.

Биологиялык өзгөчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетишеерлик изилденбеген. Май – июндун аягында гүлдөп , июлң – августта мөмөлөйт , жарымына жакын уругу бышпайт; вегетативдик көбөйүүсү жок.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахимардан жана Исфайрамсай сууларынын бассейни, суу аралыктырындагы тоо этектери (Арпалык тоолору, Лянгар, Янгисай жана Аушир капчыгайлары, Курбанкөл көлүнүн тегереги) жана Алай тоо кыркасынын батыш бөлүгүнүн түндүк капталы (Кыргызстан жана Өзбекстандын анклавы) ; Тажикстанда бар экендиги жаңылыштуу.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Капысынан тик ылдый аска-зоолордун жаракаларын, салаңдаган акиташ аскаларын, көпчүлүк учурларда түндүк-чыгыш бетин, аз санда аскалардын алдында деңиз деңгээлинен 1050–1500 м бийиктиктерден учуратса болот.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оптималдуу өсүү шарттарында түрдүн жыштыгы аянты 10х10 м келген обочолонгон тоо беттеринде 15 даана кездешээрине карабастан, жалпы саны өтө аз.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стенойкия, түрдүн конкуренттүүлүгүнүн төмөн деңгээли. Аз сандагы жана чектелген мейкиндикти ээлеген популяциялары кандайдыр бир тоокен иштетүү иштеринин, жол куруунун жана башкалардын кесепетинен биотоптор деградация болгон учурда жеңил эле жок болуп кетиши мүмкүн.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өстүрүлгөн эмес. Фармацевтикалык касиеттери изилденбеген.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштелип чыкпаган. Түр СССРдин , Өзбекстандын жана Кыргызстандын кызыл китептерине киргизилген, бирок бир дагы коруктардын территориясында түр учураган аймактар кирген эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үзгүлтүксүз негативдик факторлордун интенсивдүүлүгүнө жана түрдүн санына текшерүү жасап, жаңы популяцияларын издеп, Ботаника багына (жаратылыштан алынган уругунан) интродукциялоо жана жакын жердеги коргоого алынган территориялардан (Чыраншаш, Абширсай) маданий өстүрүү зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Категориясы EN B1ab(iii,iv). Кыскарып кетүү коркунучунда турган монотиптик тукумдун өкүлү болгон өтө сейрек кездешкен түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]