Түрк почта тарыхы

Википедия дан

Түркия почтасынын жана почта маркасынын тарыхы — Түрк почта тарыхы XVIII кылымда, чет элдик өлкөлөрдүн өзүлөрүнүн консульствалары аркылуу империянын территориясында (аймагында) өлкөлөр арасында корреспонденцияны жеткирүү үчүн курьердик мекемелерди уюштуруудан башталган. Ошол убакта 9 га жакын өлкө Осмон империясы менен макулдашуу келишимин түзүшкөн. Ал келишимдин негизинде өлкөлөр Осмон империясынын аймагында өзүнүн почта бөлүмдөрүн ача алышкан. Бул келишимге Россия (1720 и 1783), Австрия (1739), Франция (1812), Великобритания (1832) и Греция (1834), Германия, Италия, Польша жана Румыния кол коюшкан. Бул почта бөлүмдөрдүн кээ бирөөсү кийин бара-бара жөнөкөй адамдар үчүн кызмат кыла башташкан.

1840-жылы 23-октябрда жалпы жөнөкөй элдер үчүн үзгүлтүксүз почта кызматы почта Министерствосу түзүлгөндөн баштап иштей баштаган. Бул иш 1839-жылы реформа боюнча султандык фирмандын (буйруктун) чыгышы менен ишке ашкан. 1855-жылы телеграф дирекциясы түзүлгөн. Ал диррекция почта менен биригип, почта-телеграф министерствосу болгон. 1863-жылы бүткүл империя боюнча 63 гана почта бөлүмдөрү иштеген, почтанын кызматы кээде болуп, кээде болбой, жай иштеген. Бирок, почта жаатында канчалык артта болуусуна карабастан, Түркия ошол эле жылдын 1-январында Азия боюнча Россиядан кийинки желим катмары бар почта маркасын чыгарган экинчи өлкө болгон. 1874-жылдын 9-октябрында Түркия Бүткүл Жалпы почта союзунун конвенциясына кол койгон. 1875-жылы 1-июлда Бүткүл Дүйнөлүк почта союзунун учредители болгон.

1909-жылы 23-майда Константинопольдо телефондук байланыштын киргизилиши менен мурунку почта-телеграф министерствосу – почта, телеграф жана телефон министерствосу деп жаңыдан аталган. 1-ноябрь 1922-жылы Ататүрк Улуттук ассамблеянын башында туруп, султанатты жок кылышкан. Султан Мехмед VI, тактан баш тартып, өлкөдөн чыгып кеткен. 1923-жылы Түркия эгемен мамлекет болуп жарыяланган. Эгемендүүлүк түрк почтасынын дагы да өнүгүшүнө өбөлгө болгон, ошол жылдардан баштап, анын почтасы сапаттуу, дизайны мыкты, заманбап боло баштаган.

Желим катмары бар почта маркасында турга деген белги чагылдырылган. Бул белги ошол жылдагы Осмон империясынын башында турган султан Абдул-Азизге таандык болгон. Ал эми экинчи почта маркасын чыгарууда Туркия Францияга кайрылышкан. Француз граверу (темирди оюп, сүрөт тартуучу уста) Дюло тарабынан ал марка иштелип чыккан. Дал ошол гравердун ысымынан марка аталып калган. Дюлодо жарым ай жана жылдыз чагылдырылган. Осмон империясынын почтасы деп арабча жазылган.

Бүткүл Дүйнөлүк почта союзуна киргенден кийин эле 1876-жылы “Империалык чыгаруу” деген марка чыга баштаган. Марка негизинен Бүткүл Дүйнөлүк почта союзунун курамында болгон өлкөлөр арасында колдонуу үчүн чыгарылган. Бирок, 1888-жылдын март айында өлкө ичинде да колдоно билүү уруксаты болгон. Ал маркада өлкөнүн белгилери менен номиналы жеке гана араб алфавити менен эмес араб цифралары менен да чагылдырылган. Бул маркалардан тышкары “Герб жана Тугра”, “Анатолия” жана башка маркаларды чыгарышкан.

1921-жылы декабрь айында Адананы француздуктардын басмырлоосунан Түркия куткарып, эстелик түрдө “Адана 1-декабрь 1921-жыл” деген марка чыгарышкан.

Түрк Республикасынын расмий түрдөгү эң алгачкы маркасы 1923-жылы өлкөнүн гербинин сүрөтү чагылдырылып чыгарылган. Бул марка Дюло маркасына окшош болгон. Бул марканын чыгышы 1863-1922-жж арасында колдонуп келе жаткан “Тугра” маркасынын жашоосунун бүтүшүнү түшүндөргөн. 1924-жылы Лозанндык тынчтык келишимине арналган коммеморативдик чыгаруулар болгон. Ал ичине сегиз Мустафа Кемаль Ататүрктүн сүрөтү чагылдырылган марканы камтыган.

Мамлекеттин ландшафттык сүрөттөрү жана Мустафа Кемаль Ататүрктүн портреттери менен көптөгөн маркалар чыга баштаган. 1929-жылдан баштап, түрк почта маркалары латын алфавити менен жазылып баштаган. 1931-жылы Түркия Ататүрктүн портретин заманбап стилде, жаңы дизайн менен марка кылып чыгарышкан. Негизинен ошол жылдардагы маркалардын темалары Түркия Республикасынын биринчи президенти болгон.

1937-жылга чейин түрк почта маркаларынын баары оюп түшүрүү методу менен жасалган. 1937-жылы маркалар офсеттик түрдө жасала баштаган. 1940-жылы болсо Ататүрктүн элесине арналган өлкөнүн эң алгачкы почталык блогу чыккан. Кийинки он жылдыктарда Түркия почта маркасы ар кандай тематикада жасала баштаган; атактуу түрктөрдүн портреттери, археологиялык жерлер, жергиликтүү флора жана фауна, улуттук кийимдер ж.б.. 1960-жылы эң алгачкы олимпиадалык маркалар чыга баштаган. 1963- жылы Түркия почта маркасынын 100 жылдыгы белгиленген. Ушул жүз жыл арасында Түркия баш аягы 1742 почта маркасын чыгарышкан экен. Жөнөкөй почта маркаларынан тышкары Түркия; газеталык, кошумча төлөө, авиапочталык, кызматчы, аскер жана кайрымдуулук маркаларын чыгарышкан.