Түтүнсүз тамеки

Википедия дан

Түтүнсүз тамекитамекини чекпестен, башка жол менен колдонуулучу тамеки каражаттарынын жалпы аталышы. Түтүнсүз тамеки каражаттарын колдонууда, никотин тамеки каражаттарын чайноо же жыттоо аркылуу канга сиңет.

Бул топтогу тамеки каражаттарына кийинки топтогу каражаттар кириши мүмкүн:

  • чайнап колдонуулучу — чайнама тамекиси, индия пан-масаласы, гутка, зарда ж.б.;
  • жытталуучу тамекиси;
  • соруп (оозго же эриндин алдына салып) колдонуулучу — нымдуу күлмайда тамекиси, снюс, насвай, индия тамеки пастасы.

Никотиндин организмге сиңишин тездетүү максатында түтүнсүз тамекинин курамына сода же акиташ сыяктуу щёлочтуу компоненттерди кошушат.

Бул тамеки каражаттарын өпкөгө болгон зыян келтирбегенине карабастан, коопсуз тамеки каражаттары деп атоого болбойт[1]. Түтүнсүз тамеки каражаттары, алардын ичинен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттериндеги өндүрүлгөндөрү өзгөчө көп өлчөмдө канцерогендүү заттарды камтыйт жана ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн рагын пайда кылышы мүмкүн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]