Түтүн газдары

Википедия дан

Түтүн газдары - ичинен күймө кыймылдаткыч системасы (автомобиль, моторлуу кайык, компрессор ж. б.) иштегенде атм-га бөлүнүп чыккан газдар (СО, С02 ж. б.).

Күйүүчү отундун саны жана сапаты, ошондой эле ичинен күймө кыймылдаткычтын тиби жана режими менен бааланат. Курамында көптөгөн уулуу газдар (азот оксиддери, ис газы ж. б.) бар. Автомобилдин жүргөнүнө жараша жана токтордо уулуу газдардын саны 3-5 эсеге өсөт. Эгерде кыймылдаткыч бузулса, андан бетер көбөйөт. Ири шаарлардагы автострадада (ири жол түйүнү) Түтүн газдары айлана-чөйрөнү жана атмосфераны булгоочулардын негизгиси болуп саналат. Смог ж. б. экол. проблемалардын келип чыгышынын өзөгүн түзөт. Адамдын да саламаттыгына олуттуу терс таасир этет. Автомобилден бөлүнүп чыккан газдар менен булганган чөйрөдө көп убакыт болуу адамдын организминин начарлашына (иммунодефицитке) алып келип, көптөгөн ооруларга (дем алуу органдарынын, гайморит, бронхит, өпкө рагы ж. б.) чалдыгышына себепкер болот. Ал эми чакан бөлмөдө (гараж ж. б.) Түтүн газдары менен уулануу өлүмгө дуушар кылат. Бүгүнкү күндөгү транспорт санынын өсүшүнөн шаарларда, автострадаларда чөйрөнү булгоонун деңгээли кескин өсүүдө. Түтүн газдарындагы зыяндуу заттар тийиштүү нормалар менен жөнгө салынып турат. Түтүн газдары нын азайтуу үчүн ичинен күймө кыймылдаткычтарды бүгүнкү талапка ылайык жасоо (жанылоо), отун түрүн өзгөртүү, ошондой эле жолдордогу транспорт кыймылын тийиштүү түрдө уюштуруу талап кылынат. Мис., айрым шаарларда жуманын бир күнүндө айрым көчөлөрдө транспорттун жүрүшүнө тыюу салынат ж. б.,

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4