Түтөк тантал-ниобий кени

Википедия дан

Түтөк тантал-ниобий кени Баткен облусунун Баткен районунда, Түтөксайдын сол капталында, деңиз деңгээлинен 3500–3700 м бийиктикте. 1988–89-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен матчай гранит-сиенит массивинин экзоконтактасына туура келет. Матчай массиви силурдун сланец, кумдук, алевролит, акиташ катмарларын жиреп чыккан. Руда тарамдары силурдун тоотек катмарларынын тектоникалык блогу менен байланышкан. Негизги руда минералдары: пирохлор, циркон, циртомит, торит. Тантал кычкылынын рудадагы өлчөмү 0,076 – 0,078%, ниобий кычкылыныкы – 0,075%. Руданын болжол ресурсу 39815,1 миң т, тантал кычкылыныкы – 30694 т, ниобий кычкылыныкы – 29861 т. Андан башка цирконий кычкылынын ресурсу – 128205 т, урандыкы – 29463 т жана торийдики – 75649 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]