Түштүк-батыш Теңир-тоо

Википедия дан

Түштүк-батыш Теңир-тоо - Талас Ала-Тоосунун, Чаткалдын, Ат-Ойноктун жана Фергана тоо тизмегинин Фергана өрөөнүнө караган капталдарын, Чаткал суусунун алабын камтыган бүткүл Түндүк Фергана өндүрүн ээлейт. Аянты 26 миң км1.

Географиялык негизин Талас - Фергана жаракасын бойлой түштүк-чыгыштан түндүк-батышка 350 кмге созулган Фергана, Ат-Ойнок кырка тоолору жана Талас Ала-Тоосу түзөт. Too кыркалары 3500-4000 жге чейин көтөрүлөт. Эң бийик жери Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгышындагы Үч-Сейит чокусу (бийикт. 4940 м). Аталган морфол. структуралар асимметриялык түзүлүштө. Фергана жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун түштүк-батыш капталдары жазы келет. Талас Ала-Тоосунан түштүк-батышка ири тоо тармактары - Чаткал-Курама тоо системасы созулуп жатат. Ал тоолор Фергана өрөөнүн түндүкбатышы менен батышынан курчап, тосуп турушунан провинциянын ландшафты башкалардыкынан айырмаланат. Бардык орогр. элементтери түштүк-батышка, Фергана өрөөнүнүн борбору тарапка жапыздайт. Башкы морфол. структуралык тоолордон таралган көптөгөн кырка тоолор менен өрөөндөр бири-бирине жарыш созулуп, провинциянын татаал рельефин түзөт. Бийик аскалуу, өтө тилмеленген рельеф башкы тоолорго, ошондой эле андан тармакталып кеткен каптал тоолорго да мүнөздүү (Бабаш-Ата, Чандалаш, Ак-Таш, Согон-Таш ж. б.). Мында жана орто бийик тоо зоналарында массивдүү, жылмаланган тектон.-денудациялык кумпа сымал чокулуу тоолор (Чаткал, Бозбу-Тоо, Кенкол-Тоо, Каду, Зындан, Серүүн-Дөбө ж. б.), өрөөндөр жайгашкан. Алар чополуу жана кремнийлүү сланецтерден, кумдуктардан, чанда магма жана метаморфизмделген тектерден турат. Кырка тоолордун чет-жакаларында (5100-2000 м бийикте) юра, бор, андан кийинки мезгилде пайда болгон кумдук конгломерат акиташ чөкмө тектеринен турган өтө тилмеленген жалча дөңсөөлүү рельеф же түрдүү түзүлүштөгү жапыз тоолор (Авлетим жана Кара-Суу сууларынын ортосундагы жалчалар, Бабаш-Ата менен Алаш-Тоонун этектериндеги, Көгарт суусунун оң куймаларынын алабындагы жапыз тоолор) жайгашкан. Провинциянын эң жапыз бөлүгүн (1000-1500 м) рельефтин тектон. -денудациялык-аккумуляциялык жана тектон.-аккумуляциялык типтери ээлейт. Мында тыгыз тектерден турган чөлдүү жапыз тоолор-жалча-адырлуу дөңсөөлөр, ошондой эле антропогенде пайда болгон мергель-конгломераттан турган жана лёсстуу чопо катмары каптап жаткан дөңсөөлүү тоо этектери, адырлар бар. Алардын ортосунда жайылма-тектирлүү тоо аралык өрөөндөр, антропогендин лёсс-шагыл таштуу шилендисинен, соңку аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турган тоо этегиндеги түздүктөр жайгашкан. Провинциянын климаттык шарттары бүткүл Фергана өндүрүнө мүнөздүү жалпы факторлорго (геогр., радиациялык жана циркуляциялык) байланыштуу. Бирок тоолордун орогр. түзүлүшү арктикалык жана континенттик суук аба массаларынын таасирин басаңдатууга шарт түзөт.

Бийик кырка тоолор жылдын жылуу мезгилинде Орто Азия менен Борбордук Азиянын ысык чөлдөрүнүн табиятка тийгизген зыяндуу таасирин азайтат. Бирок, Ысар-Алай жана Чаткал-Курама тоолорунун тосуп турушуна карабастан батыштан соккон нымдуу аба массалары Чыгыш жана Түндүк Ферганага (түштүк-батыш менен түндүк-батыштан) жетип турат. Ошондуктан мында ландшафт зоналарынын ар түрдүү болушуна ыңгайлуу шарт түзүлөт. Жердин бийиктигине, тоо капталдарынын экспозициясына, рельефтин өзгөчөлүгүнө жараша жайы ысык, жылуу, салкын же суук болушу мүмкүн. Июлдун орт. температурасы тоо этектеринде 25-22°С, жапыз тоолордо 22-15°С, орто бийик тоолордо 15-10°С, бийик тоолордо 10-5°С. Жайдын 1-жарымы жана күз айлары кургакчыл келет. Кышы негизинен мелүүн суук; январдын орт. температурасы -3°Сден -15°Сге чейин. Эң төмөнкү температура муздак аба көпкө туруп калган бийик тоо өрөөндөрүндө (Tap өрөөнүндөгү Кызыл-Жарда -40,9°С, Чаткалда -39,8°С, ал эми Ошто -25,9°С, Кербенде 1280 ж бийиктикте -26,1°С) байкалат. Температуралык инверциянын (абанын тоолордо өрөөндөргө караганда жылуураак болушу) негизинде ушундай эле кубулуш кышкысын Фергана өрөөнүндө да байкалат. Атм. жаан-чачындын таралышы бийиктик алкактуулукка жана капталдардын экспозициясына (нымдуу абанын багытына карата болгон абалына) байланыштуу. Жаан-чачындын эң көбү Орто Азиянын башка аймактарындагыдай эле тоолордун айдарым беттерине туура келет. Фергана, Ат-Ойнок кырка тоолорунун жана Талас Ала-Тоосунун түштүкбатыш капталдарында жаан-чачын жылына 500-900 мм жана андан да көп түшөт. Мелүүн жана нымдуу жер ортолук деңиздик типтеги климат мүнөздүү болгон токой-шалбаалуу талаа алкагынын жылдык жаан-чачыны 500-1000 мм. Анын 50% и вегетация мезгилине туура келет. Орогр. «көлөкөдө» турган Чаткал тоо системасынын жаан-чачыны аз (400-500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарында тоо арасындагы өрөөндөрдөгүдөй эле жаан-чачын андан да аз (300-400 мм) түшөт. Жылдык жаан-чачындын эң көбү, б. а. 60% и кыш-жаз мезгилине, эн азы август-сентябрь айларына туура келет. Көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт.

Тоолордо (2500-3000 жден жогору) кар бир кыйла арбын түшөт. Кардын калыңдыгы 20-25 слгден (тоо этеги менен адырларда) 90100 смге (бийик тоолордо) жетет. Фергана тоо тизмегинин кыр зонасында кардын калыңдыгы 150 смте жакындайт. Провинциянын климаттык шарттары түрдүү табигый өсүмдүктөрдүн (жаңгак, алма, алча ж. б.) жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө ыңгайлуу. Дыйканчылык 2600 м бийиктикке чейин өнүккөн. Түндүк Фергана өндүрү суу тармактарынын жыштыгы жана алардагы суулардын молдугу менен (айрыкча Фергана тоо тизмегинен башталган суулар) айырмаланат. Сууларынын жылдык орт. чыгымы: Чаткалдыкы 88,8 м3/сек, Тардыкы 45,4 м3/сек, Кара-Суунуку (оң) 39,6 м3/сек, Жазыныкы 34,8 м3/сек, Кара-Үңкүрдүкү 28,7 м2/сек. Агымынын орт. модулу 5,0-30,0 л/сек-км2. Чаткал - Фергана гидрогеол. аймагына таандык болгон жер астындагы суулардын запасы да көп. Тоолордо алар негизинен жаракачаларда кезигет, тузсуз; тоо этектери менен тоо аралык өрөөндөрдө жер бетинен 200 м тереңдикке чейинки тоо тектердин көңцөйчөлөрү менен кабатчаларында топтолгон. Артезиан бассейндеринин ичинен каптал тибиндеги Сөөк, тоо аралык Чаткал ж. б. суу ресурстары мол. Провинциянын эң нымдуу бөлүгүнүн (Фергана жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун түштүк-батыш капталдары) ландшафты төмөнкү бийиктик алкактуулук структурасына бөлүнөт: күңүрт боз жана боз күрөң, агыш топурактуу сейрек токойлуу талаа, бийик адырдагы жана жапыз тоолордогу эфемерлүү талаа жана шалбаа зонасы (900-1100-1300.«); жалчалуу жапыз тоолор менен орто бийиктеги тоолордогу токой-шалбаалуу талаа зонасы (11001300-2500-2800 м) 2 алкакка бөлүнөт (төмөнкү алкагында кара күрөң тоо токой топурагында жаңгак, ак чечек, алма, алчадан турган токой өсөт; шалбаалуу талаада күрөң тоо топурагы таралган; жогорку алкагында ак чечек, карагай жана ак карагайлуу токой, түркүн чөптүү-дан өсүмдүктүү шалбаа жайгашкан).

Тоолуу шалбаа зонасы бадал-шалбаалуу субальп жана шалбаажаздык сымал өсүмдүктүү альп алкактарынан турат; андан бийик гляциалдык-нивалдык зона жатат. Too өрөөндүү Чаткал геокомплексинин ландшафты кургакчыл келет. Анын түндүк-батыш капталы 5 бийиктик алкакка - кургак талаалуу тоо этеги, дан өсүмдүк-түркүн чөптүү орто бийик тоолуу талаа (ири чатырдуулар да кездешет), бийик тоолуу субальп шалбаалуу талаасы, бийик тоолуу альп шалбаасы жана гляциалдык-нивалдык тилкеге бөлүнөт. Ал эми Фергана тоо тизмегинин ушул эле багытта жаткан капталы 7 бийиктик алкактан турат. Табигый ресурстарынын ичинен жер ресурстары эң адырлуу зонадагы түздүктөрдү, жантайыңкы капталдарын жана дарыя өрөөндөрүн калктуу жайлар, сугат жана кайрак жерлер (дан, жашылча, тамеки, багбанчылык, жүзүм ж. б.) ээлейт. Орто бийик жана бийик тоолордогу көп аянттар жайыт катары пайдаланылат. Нефть, газ, таш көмүрдүн жана руда кендеринин запасы бар. Төмөнкү Нарында кубаттуу ГЭСтер (Камбар-Ата 1, Камбар-Ата 2) курулууда. Өзгөн таш көмүр бассейни, жер алдындагы суу ресурстары (минералдуу ж. б.), жаңгак-мөмө токойлору ж. б. келечекте өздөштүрүүгө ыңгайлуу.

Түштүк-батыш Теңир-тоо үч округга бөлүнөт: Чаткал, Чаткал - Ат-Ойнок, Фергана.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4