Түштүк Сибирь кичи расасы

Википедия дан

Түштүк Сибирь кичи расасы Теңир-Тоодо, Казакстан талааларында, Саян-Алтайда жашаган жергиликтүү калктарга мүнөздүү. Антропологиясы боюнча өңү кара тору, чачы түз, катуу, мурду кырдач, бет түзүлүшү жазы, бою орточошондой Түштүк сибирь кичи расасы антропологдордун пикири боюнча биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта монголоиддик жана европеоиддик калктардын биригүүсүнөн калыптанган.

Жаңы антропологиялык изилдөөлөрдүн негизинде сактар европеоиддик расанын таза өкүлдөрү деген пикир жокко чыгарылды. Сактар – Түштүк сибирь кичи расасы район түптөгөн калктардын бири. Алар Кыргызстанга Түштүк Сибирден ооп келген. Келгенге чейин алардын антропологиялык түзүлүшүндө европеоиддик жана монголоиддик расалардын биригиш белгилери болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]