Түштүк Теңир-Тоо көмүрлүү аймак

Википедия дан

Түштүк Теңир-Тоо көмүрлүү аймак – Орто Азиядагы ири көмүр кендери жайгашкан жер. Түштүгүнөн Түркстан, Алай, Какшаал кырка тоолору, түндүгүнөн Чаткал кырка тоосу, Талас-Фергана жаракасынын ортоңку бөлүгү, Молдо-Тоо, Соң-Көл менен чектешет. Көмүр кендери тоо арасындагы ойдуңдардын ортоңку бөлүгүндө жайгашып, көмүрлүү 5 ири райондон турат. Буга Алабуга – Чатыркөл, Түштүк Фергана көмүрлүү райондору кирет. Бул аймакта көмүрдүн бар экени жергиликтүү элге эзелтен белгилүү болгон. Бирок, алгачкы геол. маалымат 1873-ж. берилген. Аймакта негизинен палеозой (силур, девон, карбон, пермь), мезозой (триас, юра) жана кайнозой (палеоген) тоотектери жатат. Көмүр юра мезгилинин конгломерат, кумдук, аргиллит жана чопо катмарларынын арасында. Көмүрдүн күйүүдөгү орточо жылуулук берүү энергиясы 16,72 МДж/кг (Кызыл-Кыя), күлдүүлүгү 13,7%.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]