Түштүк Шетланд аралдары

Википедия дан
Түштүк Шетланд аралдары жана Антарктика

Түштүк Шетланд аралдарыАнтарктикадагы Дрейк кысыгындагы жанартоолуу аралдар тобу.

Он бир чоң жана көптөгөн майда аралдар менен аскалардан турат. Аянты 4300 км2дей. Бийикт. 2300 мге чейин (Кларенс а-нда). Көпчүлүк бөлүгүн муз менен кар каптап жатат. Түлөндөр менен пингвиндердин жатагы. Деңиз канаттуулар базары. Аралдарда Аргентина, Улуу Британия, Чили, Польшанын илимий стандиялары жайгашкан. Ири аралы - Кинг Жорж (Ватерлоо) а-нда Россиянын Беллинсгаузен станциясы иштейт (1968-жылдан). Аралдарды 1819-ж. англ. У. Смит ачкан. Аны 1821-ж. Ф. Ф. Беллинсгаузен алгачкылардан болуп изилдеп, картага түшүргөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4