Төмөнкү Макмал туз кени

Википедия дан

Төмөнкү Макмал туз кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Макмал суусунун жээгинде, Караңгытокой суусунун куйган жеринен 1,5 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2050 м бийиктикте. 800 м узундукка созулган туздун эки кабатчасы улуутуз антиклиналынын неоген туздуу катмары менен байланышкан. Төмөнкү кабаттын калыңдыгы 6-9 м, жогоркусунуку – 4,5–4,8 м. Галиттин өңү боз, арасында чопо жана ангидриддин катмарчалары кездешет. Галиттеги NаСlдун өлчөмү төмөнкү кабатында 73,6–95,8%, жогоркусунда – 81,86–89,73%. Туз мал жегенге жарамдуу. Запасы С2 категориясы боюнча 66 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]