Төрт-Күл

Википедия дан

Төрт-Күл (төрт булуң, төрт бурч) — "Манас" эпосундагы топоним. Үчилтиктин экинчи, үчүнчү бөлүмдөрүндө алгач Манас мекендеп, андан кийин анын тукумдары ээлеп калган жер катары төмөнкүчө туруктуу эскерилет:

Кайнардын кара көзүндө,

Как-Чынардын өзүндө,

Төрт-Күлдүн төмөн жагында,

Төрө Манастын сайган багында.

Географиялык реалияда Кыргызстандын аймагында Т.-К. аттуу жерлер көп кездешет. Анткени төрт бурчтуу салынган сепили бар байыркы шаарлардын урандысынын нугу кыргыз тилинде ушундай аталат. Мындай илгерки шаардын урандысынын орду Таласта да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4