Төр көрпө

Википедия дан

Бул — шырдак, ала кийиз, шалча, килем сыяктуу жерге төшөлүүчү буюмдардын үстүнө салынуучу (1,5x1,0 м) төшөк. Ал ашатылып, өндөлгөн саксак көрпөдөн (бостектен) жасалып, төргө салынгандыктан «төр көрпө» деп аталат. Элибизде тармал кара көрпөнү төшөк кылып урунуу нарктуу. Кийинчирээк ичине жүн, кебез салынып, тукаба, баркут, атлас, трайке өңдүү кездемелерден төшөктөр тигиле баштайт. Төшөктүн четине башка кездемелерден «көбөө» коюп, тегереги «кыюуланат» да, «милте» (жээк, ыскыт) басылат.

Азыр сайма төшөк басымдуу кылат. Уздар мунун бетине көркөм сайма көчөттөрүн түшүрүп (сайма төшөк), бөлөк өңдөгу кездемелерден, же көрпөлөрдөн шырдак оюмдарын чыгарып, аны чыраштап (оюм төшөк), түрдүү өңдөгү өөн-бучкактардан курап (курак төшөк) жасап жатышат. Мунун ортолук көчөтү беш, жети, тогуз, он бир табакчаны түзөт да, алар бирине-бири шарттуу окшош келиши мүмкүн. Ал табакчалардын ортосуна сайма көчөттөрү «жарым кыял» болуп түшөт. Ар бир тегерек табакчанын четине «суу» (аламыч) берилет да, бир эле табакчадан төрт «кош мүйүздүн» ортосунда төрт «карга тырмак» бар. Мындай шартта мунун «четтик көчөтүн» берүүгө да, бербей эндей калтырууга да болот.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)