Төөбалбан

Википедия дан

Төөбалбан"Манас" эпосунун кейипкери. Кокондуктун балбаны. Темиркан Семетей он экиге келгенде кан шайлап, такка отургузган тойдо Букардыктын Акбалбаны менен күрөшүп аны жеңет. Өз шаары Букарлыктын балбаны жеңилип, мөрөйдү алдырып жибергенине намыстанган Семетей күрөшкө өзү түшүп аны жыгып өлтүрөт. Эпикалык чыгармаларда жаш баатыр башкалар батына албаган кандайдыр эрдикти жасап, эл көзүнө дароо көрүнүшү салттык мотивдерден.

Төөбалбан — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Канчоронун жанында жүрчү балбаны. Кыяска олжого кетеринде согушта Айчүрөк чыккынчы Канчорону соймокчу болгондо Т. менен Эжибай Канчорону калкалап ортого тура калышат. Айчүрөк ал экөөнү кошуп, жети балбандын башын кылычтап алып салат (Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 337).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4