Төөлөс көлү

Википедия дан

Төөлөс көлү, Телец, Алтын-Көл РФтин Алтай крайында, Батыш Сибирдин түштүгүндө.

Алтай жана Батыш Саян кырка тоолору кептешкен жерде, деңиз деңг. 436 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 223 км2. Уз. “77,7 км, орточо жазылыгы 2-3 км. Орточо тереңдиги 174 м, эң терең жери 325 м. Көл жаткан чуңкурдук тектон. кыймылдан пайда болуп, суу астындагы кырка тоо менен экиге бөлүнгөн; түштүгү меридиан, түндүгү кеңдик багытында жатат. Жээги тик, аскалуу. Таманы тегизилдөө Көлгө 70тен ашык суу (ириси - Чулышман) куюп, Бия д. агып чыгат. Суусу тузсуз, өтө тунук (14 м тереңдикке чейин). Жайында суунун үстүнкү бетинин температурасы 17-18°С, кышында 2,3°С. Ноябрь январда түндүгү, кээ бир жылдары түштүгү тоңот. Суусунда балыктын 14 түрү байырлайт.

Төөлөс көлүнүн он жээги Алтай мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагына кирет. Балык кармалат. Табияты кооз. Экотуризм өнүккөн. Жээгинде Артыбаш, Иогач ж. б. кыштактары орун алган. Аты жээгинде жашаган түрк уруусу дөөлөстүн атынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4