Төө басты

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—15 киши.
Оюн аянтчада, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диаметри 7—9 метр келген тегерек сызылат, оюнга «корукчу» жана эки эшектери тандалат. «Эшектер бир-бирин баштарынан жана колдорунан кармашын эңкейишип, тегеректин ортосунда турушат. «Корукчу» «эшектердин» жанында калган оюнчулар тегеректин сыртында турушуп, оюндун шар» № жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегерек сызыктын сыртында турган оюнчулар «эшектерге» минишип бир аз отурушкандан кийин кайрадан «эшектерден» түшүшүп, сызыктын сыртына барышат. Корукчу сызыктын сыртында турган оюнчулардан «эшектерди» коруп, аларды кармап алганы аракеттенет. Эгерде корукчу оюнчулардын бирөөсүн же андан көптөрүн сызыктын ичинде кармап алса, кармалган оюнчу «эшектердин» бирөөсү менен орун алмашышат. «Эшектердин» бирөөсү корукчу болот, корукчу болсо калган оюнчуларга кошулат. Эгерде оюнчулардын бирөөсү, корукчуну минип алса, корукчу ал оюнчуну сызыктын сыртына көтөрүп чыгышы керек. Ошентип оюн, оюнчулар каалашкан убакытка чейин уланат.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корукчуга оюнчуларды сызыктын сыртында, алар «эшектерге» секиришип минишип жаатышканда, «эшектерди» урууга, тебүүгө, «эшектерге» кармашкан колдорун коюп жиберүүгө, аларга минишкен оюнчуларды оодарып түшүрүүгө, ордуларынан жылууга, «эшектер» ордуларында турбаганда, аларга жана корукчуга секирип минүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, жумшак жана башка буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн күчкө, ылдамдыкка, ийилчээктикке, шамдагайлыкка, чыдамкайлыкка тарбиялайт, эпчилдикке, чечкиндүүлүккө, секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]