Төө куштар

Википедия дан
Африка төөкуштары (Struthio camelus).

Төө куштар (лат. Struthioniformes) - жалпак төштүү куштар түркүмү. Миоцен доорунан белгилүү.

Алардын алдыңкы манжалары начар өөрчүгөн, башы, мойну жыланач, куйрук май бези жок. Сөөк көңдөйлөрү аз. Төө куштар азыркы куштардын эн ириси. Салм. 136 кгта, бийиктиги 2,44 мге жетет. Уча алышпайт, тез (50 км/с) жүгүрөт. Эркектери кара, ургаачылары көгуш боз. Түркүмдүн бир гана түрү белгилүү. Төө куштар Түндүк Африкада, Түштүк Европада, Кичи жана Түш-Чыгыш Азияда, Арабия жана Сириянын чөлдөрүндө, ачык талааларда жашап, ар кандай өсүмдүктөрдү, кээде майда жандыктарды жейт. Өлчөмү 12-15 см болгон 6-8 жумуртка тууп, эркек - ургаачысы кезектешип басып чыгарат. Төө куштар колго тез, жакшы көнөт, атайын фермаларда, КМШ өлкөлөрүнүн Аскания-Нова коругунда багылат. Кыргызстанда да багыла баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4