Уаве тили

Википедия дан

Уаве (хуаве же вабе) — обочолонгон (изоляцияланган) тил. Мексиканын Оахака штатынын Тынч океандын жээгинде жашаган уаве элинин тили. Бул тилде Техуантепек булуңунун жээгинде жайгашкан 4 айылда (Оахака штаттын түштүгүндө) сүйлөшөт.
Сүйлөгөндөрдүн саны 18 миң адам.
Сан-Матео-дель-Марда жашаган уавелер өздөрүн  Ikoots (которгондо «биз» дегенди билдирет) жана өз тилин ombeayiiüts ("биздин тил") деп аташат.

Расмий аталышы:

Уаве

Өлкөлөр:

 Мексика

Аймактар:

Оахака штаты

Колдонгондордун жалпы саны:

18 миң (1990)

Классификациясы
Түрмөгү:

Мезоамерика тилдери

Изоляцияланган тил

Тилдер коду
ISO 639-2:

https://iso639-3.sil.org/code/nai

ISO 639-3:

hue - сан-франсиско-дель-мар
huv - сан-матео-дель-мар
hve - сан-дионисио-дель-мар
hvv - санта-мария-дель-мар

Диалектилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тил 4 диалектилерге (тилдерге) бөлүнөт. Алар:

  • сан-франсиско-дель-мар;
  • сан-матео-дель-мар;
  • сан-дионисио-дель-мар;
  • санта-мария-дель-мар.

Тилдин классификациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уаве тили ушул күнгө чейин изоляцияланган тил болуп эсептелет (Campbell 1997 pg. 161).
Пол Радин уаве тили майя жана михе-сок тилдерине жакын деп болжолдогон. Моррис Сводеш ал тилдин ото-манг тилдери менен байланышы бар деп сунуштады, аны Ренш колдоду (Rensch, 1976). Бирок бул эки гипотеза тең жетишсиз негизделбеген бойдон калууда.

Жазуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сан-матео-дель-мар диалекти (тили) үчүн латын алфавиттин негизинде жазуу колдонулат. 1948-жылдагы басылышынан сан-матео-дель-мар диалекти (тили) үчүн алфавит: a, b, ch, e, g, i, j, k, l, m, n, o, p, r, s, t, ts, ʌ, w, x [1]
Калган диалектилердин (тилдердин) жазма тили жок.

Фонология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уаве тили (айрыкча сан-матео-дель-мар диалекти/тили) жарым-жартылай тоналдык тил болуп саналат. Ал жогорку жана төмөнкү тондорду айырмалайт, бирок акыркы муундарда гана. Кэмпбеллдин айтымында (Campbell 1997), азыркы 4 уаве диалектилеринин (тилдердин) жалпы ата-бабасы үчүн реконструкцияланган фонемалардын жыйындысы төмөнкүдөй:

Үнсүз тыбыштар — [p, t, ʦ, k, kʷ, mb, nd, ŋɡ, ɡʷ, s, l, r, w, h] (и [ɾ, j, ð] (маргиналдык фонемалар катары).

Үндүү тыбыштар — [i, e, a, ɨ, o, u] (+ үндүү тыбыштардын узундугу, бийик жана төмөнкү тон).

Редупликация — уаве тилинде өндүрүмдүү фонологиялык процесс.

Тексттин мисалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уаве тилинде стандарттуу орфография жок. Берилген текст Жаңы Келишимдин үзүндүсү (Марк 1:36):

Quiaj tasaj nejiw Teat Jesús: —Masey, nganüy tabaats tiül meáwan cambaj najlüy ninguiájan naquiaach quiaj aton, cos áag tiünas narang —aj nejiw

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Campbell, Lyle, 1997, «American Indian Languages — The historical linguistics of Native America», Oxford studies in Anthropological Linguistics, Oxford University Press
  • Suaréz, Jorge A, 1975, «Estudios Huaves», Collección Lingüistica 22 INAH, Mexico.
  • Radin, P, 1929, «Huave Texts», International Journal of American Linguistics 5, 1-56
  • Rensch, Calvin R,1976 «Oto-Manguean isoglosses» In Diachronic, areal and typological linguistics, ed. Thomas Sebeok 295—316 Mouton, the Hague

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [[1]]