Убактылуу логика

Википедия дан

Убактылуу логика – чыныгы мааниси убакыттын тигил же бул белгилүү кырдаалында (аралыгында) объектин жашоосунун байланышын көрсөткөн, айтылган пикирлердин операцияларын изилдөөлөрдө формалдуу-логикалык эсептөөлөрдө колдонулуучу математикалык логиканын багыттарынын бири: чыныгы мааниси убакыттын параметринен көз каранды болгон пикирлерди «убактылуу» пикирлер деп аташат. Убактылуу логиканын пайда болушун 20-кылымдын 40-жылдарына таандык деп эсептешет. Себеби Дж. Н. Финдлей «Убакыт: кээ бир табышмактарды карап чыгуу» (1941) аттуу макаласын жарыялайт. Бирок, Э. Ф. Караваевдин айтуусунда Финдлей көптөгөн идеяларын жаратуусунда англис идеалист философу Дж. Э. Мак-Таггартка милдеттүү. Кийин убактылуу логиканын маселелерин Дж. Смарт, П. Гич, Б. Матес, Г. Рейхенбах, Н. Ресчер, Дж. Гарсон жана башкалар изилдешкен. Убактылуу логика модалдык логика менен байланыштуу. Убактылуу логика иштеп чыгуулары деонтикалык логиканын өнүгүүсүнө жакшы таасир тийгизген. Убактылуу логика кээ бир бөлүмдөрү кибернетикада колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004