Убакыт канча болду? (оюн)
Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.
Оюнда саат колдонулат.
Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Катышуучулар тегерек болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ар ким кезеги келгенде, күндүн абалын карашып туруп убакыттын канча болгонун айтышы керек. Андан кийин саатты карашып ким туура жооп бергенин аныкташат. Убакыт канча болгонун туура айткан оюнчу жеңет.
Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бир бирине айтууга, саатты кароого, алдоого болбойт.
Педагогикалык мааниси. Убакытты туура болжоого, чындыкка үйрөтөт.