Убакыт (география)

Википедия дан

Убакыт (география) - материянын (мейкиндик менен катар) жашоо формасы; убакыт аралык-тарын кабыл алынган негизги бирдиктер менен салыштырып, убакытты эсептөө ыкмалары; ал бирдиктер ар кандай табигый жана жасалма мезгилдик процесстерге бөлүнөт: Жердин Күндүн тегерене жана өз огунда айланышы, маятниктин термелиши, кварцтуу тактанын термелиши ж. б.

Жердин айланышы жылдыз убакыты жана күн убакыты менен аныкталат. Убакытты эсептөөнүн чаканыраак бирдиги үчүн ай фазаларынын өзгөрүү цикли алынып, ай убактысы деп аталат. Жердин өз огунда айлануусунан жарык менен караңгынын алмашуу цикли сутканы түзөт. Сутка 24 саатка бөлүнгөн. Практикада күн сааты колдонулат. Берилген географиялык узундук үчүн аныкталган убакыт жергиликтүү убакыт деп аталат. Башталгыч (Гринвич) меридианындагы орточо күн убактысы бүткүл дүйнөлүк убакыт делет. Шаар аралык жана эл аралык катташууга ыңгайлуу болсун үчүн алкак убактысы киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2