Угам кырка тоосу
Көрүнүш
Угам кырка тоосу - Батыш Теңир-Тоодо, Казакстан менен Өзбекстандын чегинде.
Талас Ала-Тоосунан түштүк-батышты карай созулат. Уз. 100 кмден ашык, бийикт. 4238 жге (Сайрам чокусу) чейин. Капталдары өтө тилмеленген. Негизинен чөкмө тектерден жана гранитоид интрузияларынан түзүлгөн. Аксу, Жабаглы, Сайрам ж. б. суулары бар. Мөнгү этектеринде морена көлдөрү кездешет. Капталдарына эфемерлүү жарым чөл жана талаа, өрөөндөргө токой, тоолоруна шалбалуу талаа жана альп шалбаасы мүнөздүү. Угам кырка тоосунун Казакстан жагында Сайрам-Угам табият паркы жана Аксу-Жабаглы коругу уюшулган. Альпинизм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4