Угуусу аялуу балдар мектеби

Википедия дан

Угуусу аялуу балдар мектеби (дүлөй жана керең балдар мектеби) – угуусунда кемчилиги бар балдар үчүн атайын окуу-тарбия мекемеси.

Мектепке балдарды топтоо отоларинголог дарыгердин аудиологиялык диагнозунун ж-а адис сурдопедагогдун корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Дүлөй балдар үчүн мектепте окуучулар 12 жыл окуп, толук эмес орто билим алышат. Керең балдар эки бөлүмчөгө бөлүштүрүлөт: окуучулар 12 жыл окуп жалпы орто билим алышат; ушул эле мөөнөттө толук эмес орто билимге ээ болот.

Окутуу жекече ж-а фронталдык иштин атайын ыкмалары кеңири пайдалануу м-н атайын окуу планы ж-а программасы б-ча жүргүзүлөт. Аталган мектептердин атайын милдетине оозеки сүйлөөгө окутуу ж-а жатыктыруу, о. эле сөздү көз м-н кабыл алууну өнүктүрүү (эрин м-н окуу) кирет. Мектептин класстары үн күчөтүүчү аппараттар, окуучулар жекече уктуруу протездери м-н жабдылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6