Узун шыйрактуулар

Википедия дан
Mycteria ibis.

Узун шыйрактуулар (лат. Ciconiiformes) - канаттуулар түркүмү. Филогенездик жактан биргазандарга жакын. Орточо жана ири канаттуулар. Моюну жана буттары узун; арткы манжасы бутуна өтө төмөн (ылдый) карай жайгашкан, ошондуктан басып жүргөндө таяныч болот жана саз өсүмдүктөрүнүн бутактарын жана сабактарын кучактайт, басышын жеңилдетет. Чычаң бези өөрчүгөн. 7 тукумдан, У-дын азыркы 6 тукуму, 118 түрү бар. Арктика жана Антарктидадан башка жерде кеңири таралган. Моногамдар. Колониялдуу, сейрек бириндеп уялайт. Тропикте жана субтропикте өтө ар түрдүү. Жумурткасын эркеги жана ургаачысы алмак-салмак басат. Балапандары «ак күп» болуп чыгат. Жандыктар менен азыктанат. 12 түрү жана 3 түрчөсү Жаратылышты коргоо боюнча Эл аралык бирикменин жана (ак кунас жана кара кунас) Кыргызстандын Кызыл китебине 2 түрү катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]