Узус

Википедия дан

Узус (лат. usus – колдонуу, пайдалануу, салт) – тилдик бирдиктердин, каражаттардын алардын окказионалдык же жеке, убактылуу эле колдонулушунан айырмаланып жалпы коомчулук, ошол тилде сүйлөгөн жалпы эл тарабынан кеңири, салттуу колдонулушу.

Тилдик каражаттарды Узустук колдонуу элдик салтта көндүм адат, тигил же бул бирдик-каражаттардын көптөн бери колдонулгандыгы аркылуу мүнөздөлөт. Ошондуктан тилде жаңы жаралган көрүнүштөр, кубулуштар тил колдонуу өңүтүнөн караганда Узустук колдонуу боло албайт. Мындай касиетке неологизмдер да жатпайт. Тилдик колдонуунун ушул өзгөчөлүгүнө ылайык Узус түшүнүгү тилдик системанын нормасы, тилдик структуранын нормасы жана норманын кодификациясы менен тыгыз байланышта болот. Демек, тилдик тигил же бул бирдик-каражаттын Узустук колдонулушу ар кандай типтеги, мүнөздөгү сөздүктөрдө берилет, б.а., У.тук колдонулуш адабий норманын эрежесинин талабына ылайык колдонулуш катары аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4