Уишань

Википедия дан

Уишань (Wuyi Shan) - Түштүк-Чыгыш Кытайдагы кырка тоо жана табигый-тарыхый кооз комплекс; Фуцзянь жана Цзянси провинцияларынын чегинде жайгашкан.

Орт. бийикт. 650 м чейин, эң бийик жери 2158 м (Хуанганшань чокусу). Жанартоо тектеринен турган бул тоолор өзгөчө нымдуу климаттын таасиринен анда өсүмдүктөрдүн 3728 түрү өсүп, жаныбарлардын 5110 түрү байырлайт. Уишанда кеме сымал таш табыттар (б. з. ч. 2-миң жылдык), Батыш Хань династиясына таандык шаар калдыгы (б. з. ч. 1-2 к.), о. кылымдардагы дао жана будда храмдары сакталган. Too этектеринде чайдын элита сорттору (улун, да хун пао ж. б.) өстүрүлгөн плантациялар бар. Туризм өнүккөн. Уишань 1999-ж. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4