Уйбат чаатасы

Википедия дан

Уйбат чаатасы - байыркы кыргыздарга тиешелүү көрүстөндөр тобу (к. Чаатас).

Уйбат чаатасы деген илимий түшүнүк азыркы Хакас Республиканын (РФ) Усть-Абакан районундагы Уйбат станциясынан 6 км түштүк-чыгышта жайгашкан көрүстөндөрдү казуунун жыйынтыгынан кийин кабыл алынган. Айрым окумуштуулардын (С. В. Киселёв, Л. А. Евтюхова) пикири боюнча Уйбат чаатасы б. з. ч. 3-кылымдан - б. з. 7-8-кылымына (эң байыркысы Тагар - сонкусу Таштык маданияттары) чейинки мезгилди камтыйт. Уйбат чаатасынан гипс жана түстүү ылайдан жасалган маркумдун бет каптары, идиш-аяк, жыгач скульптуралар табылган.

Анын ичинен енисей кыргыздарына таандык орхон-енисей жазуусу бар күмүш кумура жана алтын жалатылган малдын (кой) элеси түшүрүлгөн фигуралар 7-8-кылымга тиешелүү болуп эсептелет. Уйбат чаатасынан табылган материалдар байыркы кыргыздарды жана Сибирдин тарыхын изилдөөдө чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4