Уйгур жазмасы

Википедия дан

Уйгур жазмасы - 8–18-кылымда Чыгыш Түркстандын түрк тилдүү элдери колдонгон жазмалардын бири. Согду жазмасынын негизинде келип чыккан. Изилдөөчүлөр согду жазмасынын башаты арамей жазуусу экендигин белгилешет. Уйгур жазмасы менен жазылган эстеликтер 8-кылымга таандык. Жогортон төмөн карай жазылып, саптар солдон оңго карай жайгашат. 22 тамгалуу. Тамгалар сөз ичинде алган ордуна жараша араб жазуусу сымал ар башка формада жазылат, сөздүн башында, ортосунда жана аягында тамганын формасы өзгөргөн аллографтардан турган. Диний чыгармалар атайын ыңгайлашкан арип менен жазылган. 9–13-кылымда Уйгур жазмасы будда динин тутунган түрк тилдүү урууларга тараган. Бул уруулар ислам динин кабыл алышкандан кийин аны араб жазмасы менен катар 18-кылымга чейин колдонушкан. 13-кылымда бул жазууну моңголдор өз тилине ылайыктап кабыл алышкан; Ички Моңголия автономиялуу р-нунда (Кытай Эл Респ.) Уйгур жазмасы азыр да колдонулат. Манжурлардын жазуусу да Уйгур жазмасынын негизинде калыптанган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5</ref>