Уйгур жазуусу

Википедия дан

УЙГУР ЖАЗМАСЫ – 8–18-кылымдарда Чыгыш Түркстандын түрк тилдүү элдери колдонгон жазмалардын бири. Согду жазмасынын негизинде келип чыккан. Изилдөөчүлөр согду жазмасынын башаты арамей жазуусу экендигин белгилешет. Уйгур жазмасы менен жазылган эстеликтер 8-кылымга таандык.

Жогортон төмөн карай жазылып, саптар солдон оңго карай жайгашат. 22 тамгалуу. Тамгалар сөз ичинде алган ордуна жараша араб жазуусу сымал ар башка формада жазылат, сөздүн башында, ортосунда жана аягында тамганын формасы өзгөргөн аллографтардан турган.

Диний чыгармалар атайын ыңгайлашкан арип менен жазылган. 9–13-кылымдарда уйгур жазмасы будда динин тутунган түрк тилдүү урууларга тараган. Бул уруулар ислам динин кабыл алышкандан кийин аны араб жазмасы менен катар 18-кылымга чейин колдонушкан.

13-кылымда бул жазууну моңголдор өз тилине ылайыктап кабыл алышкан; Ички Моңголия автономиялуу районунда (Кытай Эл Республикасы) уйгур жазмасы азыр да колдонулат. Манжурлардын жазуусу да уйгур жазмасынын негизинде калыптанган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]