Уктатуучу дарылар

Википедия дан

Уктатуучу дарылар — табигый уйкуга жакын абалды пайда кылып, терең, узак уктатуучу дары каражаттар.
Алар аз өлчөмдө сеп алдырат. Уктатуучу дарылар борбордук нерв системасынын ар кайсы бөлүктөрүнө таасир этет. Уйкуну сеп алдырма дарылар да жакшыртат. Уктатуучу дарылар уйку келтирүү ылдамдыгы жана уктатуу узактыгы боюнча узакка (6—8— 10 с) жана орточо мөөнөткө (4—6 с) таасир этүүчү болуп бөлүнөт. Уйкунун ар кандай бузулууларында уктатуучу дарылардын касиетине жараша кайсы дарыны ичүүнү врач гана белгилейт. Дары ичкенден кийин бир аз убакыт таза абага чыгып сейилдөө уйкуну тез келтирет. Аларды күндө кабыл алганда, ал организмде чогулуп (кумуляция), дайыма уйку келип, кыймыл-аракет бузулат. Уктатуучу дарыларды узак кабыл алганда организм ага көнүп, анын мурдагы өлчөмүнө уктабай калат. Укташ үчүн дарынын өлчөмүн көбөйтүүгө мажбур болот. Кээде киши уктатуучу дарыларды кабыл алмайынча тура албай, аны эптеп таап кабыл алууга умтулат (Баңгилик).

Наркотик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк уктатуучу дарылар — күчтүү наркотик. Алар врачтын сунушу боюнча гана колдонулат. Уктатуучу дарыларды абайлап пайдалануу зарыл, өз алдынча өлчөмүн көбөйтүүдөн уулануу мүмкүн. Дарылоо өлчөмүңөн ашык ичсе баш ооруп, ал кетет, дем кыстыгып, эстен тануу мүмкүн. Анда тезинен врач чакыруу керек (Уулануу). Уктатуучу дарылар аптекадан рецепт менен гана берилет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8